Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Эл Жусупжан Жээнбековду кайра ордуна отургузуп койду

ЖАЛАЛАБАТ. Президент менен жолугушуп кайткан Жусупжан Жээнбеков 19-январдан бери үчүнчү жолу башына ак калпак кийгизилип, колмо-кол көтөрүлүп, губернатордун үстөлүнө олтургузулду. Жолугушууну күтүп турган элге президентке эч качан каршы чыкпай тургандыгын, өлкө башчысы кайда жиберсе ошол кызматта иштөөгө даяр экендигин, азырынча губернатордук милдетти аткарууга оозеки буйрук алганын айтты. Элди жаат-жаат бөлүп бөлүнбөөгө жана сабырдуулукка чакырды. Анын айтымында, март ыңкылабын кыргыз эли Курманбек Бакиев же Жусупжан Жээнбеков үчүн жасаган эмес. Облус жетекчилигине талапкер болгон 5 адам бар. 23-январда митинг өткөрүүгө милиция тоскоолдук кылып, Сузак районунан келе жаткандарды шаарга киргизбей, плакат-лозунгарды облбийлик алдына илдирбей койгон. Президенттик администрация губернаторду кызматтан бошотуу жөнүндөгү жарлыкты даярдоодо кемчилик кетирген. Облус башчысы президент менен сүйлөшкөндө президенттин туугандарынын ишке кийлигишип жатканын билдирген. Курманбек Бакиев губернатор ортого салган маселелерди билбей тургандыгын, ал маселени туугандары менен сүйлөшө тургандыгын айткан.
XS
SM
MD
LG