Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Стефан Харпер Канаданын жаңы премьер-министри


Канадада дүйшөмбү күнү өткөн парламенттик шайлоодо Стефан Харпер башындагы Консервативдүү партия жеңди. КП- 308 орундуу парламентте 120дан ашуун орунга ээ болду жана 12 жылдан бери өкмөт башындагы Либералдык партиянынын үстөмдүгүнө чекит койду.
Стефан Харпер жаңы өкмөттү Канаданын салттуу байлактарына ылайык жетектей турганын билдирди:

-Канадалыктардын эң көөнөргүс жана түптүү дөөлөттөрүнүн бири демократия. Ага таянып, өкмөтүбүздү эркиндигибизге жана жашообузга зыян келтирбей алмаштыра алабыз. Шайлоодогу бөлүнүүгө жана келишпестикке карабай, биз мамлекеттин жетекчилигин тынч алмаштыра алабыз жана өкмөт мамлекеттин теңдешсиз кубаты бойдон кала берет.

Коррупцияга байланыштуу чатактан улам ноябрда Канада парламенти Поль Мартин башындагы өкмөткө ишеним көрсөтпөй койгон.

XS
SM
MD
LG