Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Соттолгон балдардын туугандары пикетке чыгышты


БИШКЕК. 25-январда Жогорку Кеңештин алдына Баткен дубанынан келген 15тей адам пикетке чыгышты. Алар колдоруна “Бейкүнөө балдарыбыз боштондукка чыксын”, “Накта кылмышкерди камагыла” деген плакаттарды кармап турушту. Баткен дубанынын Кадамжай райондук соту 2004- жылы 20- майда киши өлтүргөн деп төрт баланы 20 жылдан 22 жылга чейин кескен. Бул ишти Баткен облустук соту карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. 2005- жылдын аягында Жогорку сот карап, кайра тергөөгө жөнөткөн. Камакта жаткан Ормонов Азимжандын апасынын айтымында, кылмышты жасаган адам боштондукта жүрөт жана төрт балага коюлган айыпты кыйнап мойнуна алдырышкан. Пикетчилер сот адилеттиги орнобосо ар кандай күтүүсүз кадамдарга бара тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG