БИШКЕК. Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Кубат Кожоналиев “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковго кылмыш ишин козгоо тууралуу Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Анда аталган гезитте 2004- жылы 30- декабрда “Прокурорду камайбы же кызматынын жогорулатабы” деген макала тууралуу айтылган. Ырысбек Өмүрзаков бул макалада Кубат Кожоналиевдин прокурорлук ишмердигинин кемчиликтерине токтолгон. Бул арыз Биринчи май райондук сотунда 2- февралда каралаары күтүлүүдө.