Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

А. Исманкуловго байланышкан ишти Аскер прокуратурасы менен ИИМ биргелешип жүргүзөт


БИШКЕК. Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүн делген Алдаяр Исманкулов 1996-жылы топтошкон талап-тоноочулукка катышкан. Бул окуя боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Бирок окуяга шектүү делген Исманкулов кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен чыгып кеткен. Бул тууралуу ички иштер министри Мурат Суталинов 25-январда Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Аталган комитет төрагасы, депутат Рашид Тагаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жыйында улуттук коопсуздук кызматынын, башкы прокуратуранын тешелүү өкүлдөрү да маалымат беришти. Улуттук коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкулов ушул жылдын 17-январында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан номуру өчүрүлгөн тапанча менен кармалган. Бул тапанча Раатбек Санатбаевди атууда колдонулгандыгы шектелүүдө. Бирок иш аскер прокуратурасына өткөрүлүп, Исманкулов сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Комитет жыйынында мындан сырткары аталган ишти аскер прокуратурасы менен ички иштер министрлиги биргелешип иликтөөсү тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG