Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Ганси боюнча жаңы келишим тууралуу ырасмий нота элчиге тапшырылды


БИШКЕК. “Манас” аба майданында жайгашкан Ганси аскердик базасы боюнча жаңы келишимдин шарттары тууралуу нота АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичке 24- январда тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков 25- январда билдирди:
- Ырасмий нота АКШ элчисине тапшырылды. Анда ижара, экологиялык чыгымдар жана аэроновигация боюнча жаңы шарттар каралаган,- дейт Нуржигит Кадырбеков. Жаңы келишимде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары боюнча жаңы жоболор да киргизилген. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Коргоо министри Дональд Рамсфелд Кыргызстанга келген учурда президент Курманбек Бакиевдин жаңы келишим түзүү тууралуу сунушу америкалык тараптан колдоо тапкан. “Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөштү алдыңкы катышуучусу бойдон кала бермекчи” деп билдиришти аталган министрликтен.

XS
SM
MD
LG