Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Орус-украин көгүлтүр газ боюнча келишими кабыл алына элек


Ал эми “Орусиялык көгүлтүр газды Украинага сатуу боюнча биргелешкен келишим бүгүн да жетишилбей калышы мүмкүн”. Бул тууралуу бүгүн Украинанын өкмөт башчысы Юрий Ехануров билдирди. “Ушул тапта маселени эки тараптың эксперттери карап жатышат” деди ал.
Украина менен Орусия ортосундагы бул келишимге 21-январда кол коюлмак.
Январь айынын башында эки мамлекеттин газ жаатындагы негизги ишканалары ортосунда келишимге кол коюлган. Анын негизинде, “РосУкрЭнерго” компаниясы Украинага 1 миң куб метр газды 95 доллардан сата баштаган жана ошонун негизинде Украина менен Орусия ортосундагы газ чатагы чечилген. Бирок ал документте “Киев менен Москва мындан ары орусиялык газды Украинага сатып турган биргелешкен ишкана түзүшөт” деп айтылган.

XS
SM
MD
LG