Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Иран Орусиянын сунушун “жылуу кабыл алды”


Ирандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Али Лариджини “Уранды байытуу үчүн Орусиянын аймагында биргелешкен ишкана куруу” жөнүндөгү Москванын сунушун ырасмий Тегеран “жылуу кабыл алганын” билдирди. Лариджини Москвада бейшемби күнү өзүнүн орусиялык кесиптеши Игорь Иванов менен сүйлөшкөн.

“Орусиянын идеясы – жакшы”,- деди ирандык өкүл. - Бирок аны каерде жана качан куруу керектиги дагы талкууланышы керек болгон маселелер,-” деди Ларижини.

Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги “Тегеран уран байытууну кайра баштап, эми өзүнүн өзөктүк куралын жасоого аракет кылып жатат” деп кооптонуп жатышат. Бул өңдүү кооптонуларды басуу үчүн Москва Тегеранга Орусияда уран байытуучу биргелешкен ишкана куруу сунушун айткан эле.
Батыш “Эгерде Иран уран байытууну токтотпосо, анда анын иши Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүлүп берилет” деп эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG