Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Палестина автономиясында парламенттик шайлоо өттү


Палестин автономиясында бүгүн соңку он жылдан бери биринчи жолу парламенттик шайлоо өтүп жатат. Палестин лидери Махмуд Аббас эрте менен Рамалла шаарында добуш бергенден кийин, элди “бул ыйык укугунан колдонууга тоскоолдуктар” болушуна жол бербөөгө чакырды.
Палестиндер автономия парламентинин 132 депутатын шайлашы керек. Шайлоого АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер баштаган 900 дөй эл аралык байкоочу көзөмөл салууда.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, башкаруучу Фатх партия менен согушчан "Хамас" уюмунун мүмкүнчүлүктөрү бирдей эле. Согушчан "Хамас" уюму палестин өкмөтүнө алгачкы жолу көздөөдө. Газа шаарында ХАМАС тобунун атынан депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан Исмаил Хания “исламчыл бул кыймыл парламентке өткөндөн кийин да курал-жарактарын таштабай турганын” билдирди.

Добуш берүү жараяны Йордан дарыясынын батыш жээгинде, Газа тилкесинде жана Чыгыш Иерусалимде өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG