Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Иран Москванын колдоосун алды. Кезек Бээжинде


Ирандын ядролук программасы Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралчу болсо, Тегеран уранды байытууну баштайт. Бул туурасында Ирандын Жогорку Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани Москвада россиялык өнөгү Игорь Иванов менен болгон кездешүүдөн кийин жасаган билдирүүсүндө айта кетти:

-Эгерде саясый кысым колдонулуп, Ирандын ядролук иши БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралса же маселе Коопсуздук кеңешине бейырасмий түрдө жөнөтүлчү болсо, Иран парламенти кабыл алган заңга ылайык, биз уранды байытуу боюнча бардык токтотулган иштерди кайра баштообуз шарт.

АКШ жана Евробримдик МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Ирандын ядролук чатагын Коопсуздук Кеңешинде кароого сунуш кылат деп коркутушууда.
Буга Кеңештин туруктуу мүчөлөрү Россия менен Кытай каршы.
Ларижани бүгүн Бээжинде бу маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG