Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Вашингтон болочокто ХАМАС менен кызматташпайт


Вашингтон Палестинадагы шайлоону оң жышаан катары колдоп, ХАМАС менен болочокто кызматташпасын эскертти.
Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан “Хамасчылар жаңы өкмөткө кирсе, АКШ палестинага берип жаткан жардамын кыскартабы?” деген суроону жоопсуз калтырды. Бирок, ал ХАМАСтын шайлоого катышуусу, анын Израилди жок кылуу жөнүндөгү чакырыктарына каршы келерине көңүл бурду.
Президент Буштун "The Wall Street Journal" гезитине айтышынча, ХАМАС Израилге каршы өңүтүнөн ачык баш тартмайынча, АКШ уюм менен кызматташпайт.

XS
SM
MD
LG