Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Алдаяр Исманкулов курал жана баңгизат менен кармалганын жалганга чыгарууда.


БИШКЕК. Алдаяр Исманкулов анда эч кандай курал да, баңгизаттар да болгон эместигин, аны милиция уюштуруп койгонун сурак учурунда билдирген. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын башкы прокурору Камбаралы Конгантиев бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү. Баш прокурор ошондой эле Алдаяр Исманкуловдун иш кабинетин текшерген учурда шектүү эч нерсе табылбаганын да белгиледи.
Улуттук копсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүу бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкулов бир жума мурда Бишкекте милиция күчтөрү тарабынан курал жана баңгизаттар менен кармалган. Өлкөнүн ички иштер министри Мурат Суталинов өз кезегинде Алдаяр Исманкуловдун курал жана баңгизаттар менен колго түшкөнүндө эч кандай бурмалоо жок экендигин билдирүүдө.

Алдаяр Исманкулов Дене тарбия институнун ректору В. Кимдин баласы экенин, ал энесинин фамилиясына катталганын бүгүн укук коргоо органдарынын жетекчилери билдиришти. Буга чейин корей улутундагы адамдын кыргызча ысым жана фамилия менен жүргөндүгү депутаттарда көп суроолорду жараткан болчу.

XS
SM
MD
LG