Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Ирактык министирдин өмүрүнө кол салынды


Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчилиги билдиргенге караганда, бүгүн өлкөдөгү абактардан 419 туткун бошотулду, алардын бешөө - аял. Андай чарадан кийин эми - Иракта 7-январда барымтага алынган америкалык журналист айым Жил Кэррол бошотулушу мүмкүн, анткени аны туткунга алгандар абактагыларды боштондукка чыгарууну талап кылган. Бүгүн Ирактын өндүрүш министри Усама Абдул Азиз ал-Нажафи бараткан машинелер тобу Балад шаарынын алдында бомба жарылуусуна кабылды, министр өзү тирүү калды, бирок анын үч жан сакчысы өлдү. Башка кагылышуулардан бүгүн Багдад жана Тикрит шаарларында беш өкмөттүк аскер окко учту, кечээ күнү болсо бир америкалык жана үч ирактык аскер курман болгон.

XS
SM
MD
LG