Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Европа Биримдигиин саясатчылары АКШ менен Британия жетекчилерин суракка алууга даяр


Европа парламентинин айтымында, айрым европалык өлкөлөрүнүн аймагында АКШ жашыруун абак кармаган деген маселе боюнча кээ бир мамлекеттердин жетекчилери суралышы мүмкүн. Маселени иликтеп жаткан комитеттин төрагасынын орун басары Сара Лудфорддун айтымында, аларды милдеттүү түрдө бир нерсе кылууга парламенттин укугу жок, бирок АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд, Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро менен премьер-министри Тони Блэр жана Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооп берген Хавье Солана суралышы мүмкүн. Комитеттин төрагасы Карлос Коэльонун айтымында болсо, парламенттин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан саясатчылар уятка калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG