Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

ХАМАСтын жеңиши тууралу дүйнө жетекчилеринин пикири ар башка


Швейцариянын Давос шаарындагы экономикалык форумдун жыйынына катышкан Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Палестина элин бүгүн шайлоо тынч өткөнү менен куттуктады, бирок анын айтымында, өкмөт түзөм деген кыймыл сөзсүз курал ташташ керек. АКШ жетекчилигинин айтканына караганда, алар ХАМАС менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартышы мүмкүн, анткени ал - террордук уюм. Израилдин вице-премьер министри Шимон Перестин айтымында, шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыкканы эң биринчи кезекте палестиналыктардын өздөрүнүн проблемасы. "Менин пикиримде, бул Израилдин эмес, Палестина элинин маселеси, анткени ХАМАС согушту улантууну көздөгөн кыймыл, алардын максаты - тынчтык орнотуп, же согушту токтотуу эмес", - деди бүгүн Перес. Бирок премьердин милдетин аткаруучу Эхуд Олмерттин айтымында, анын өкмөтү ХАМАС түзгөн өкмөттү кабыл албайт. Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Бенито Ферреро-Валднердин айтымында болсо, эгер Палестинанын жаңы өкмөтү тынчтык орнотуу үчүн аракеттенсе, Биримдик аны менен кызматташууга даяр.

XS
SM
MD
LG