Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Палестинадагы парламенттик шайлоодо экстремисттик ХАМАС уюму жеңип чыкты


ХАМАС исламдык кыймылынын айтымында, анын талапкерлери кечээ күнү Палестинада өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо добуштардын 70 пайызынан ашыгын чогултту. Кыймылдын басма сөз өкүлү Сами Абу Зухринин айтымында, алардын колуна парламенттеги 132 орундун жетимиш беши тийет. Палестина автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Куреи кызматынан чегинди жана автономиянын төрагасы Махмуд Аббас ХАМАС уюмуна жаңы өкмөт түзүү тапшырмасын бермей болду. Мурдагы өкмөттү түзгөн ФАТХ кыймылын Аббас өзү жетектейт, бирок анын өкүлү Саеб Эракаттын айтымында, ал ХАМАС менен коалиция түзүүгө ФАТХ барбайт.

XS
SM
MD
LG