Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Ысыккөлдүн Аксуу районунда да кар калың түштү


ЫСЫККӨЛ. 26-январда жаап баштаган кар Аксуу районундагы 11-жол тейлөө бөлүмүнүн адиси Жумабек Култаевдин айтуусу боюнча, 20-25-метр ылдамдыкта шамал менен коштолду. Натыйжада деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте турган Жыргалаң шахта, Акбулак, Зымдан, Акчий жана башка 7-8 айылда жол күрткүгө айланып, 15 миңге жакын калктын облуска каттоосу кыйындады. 27-январь күнү дагы кар жаап жатканына карабай 23-чакырым жолду тазалоо иштери башталды. Ал эми Түп- Кеген автожолунда кар 10-15 гана сантиметр жааганына карабай Сынташ шамалы жолду 40-чакырымынан 76-чакырымына чейинки аралыгын тоңдуруп кетти. Райондогу граждандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жайлобаев жол жүрүчүлөргө шамал токтомойунча Түп-Кеген жолу жабык турарын эскертти. Анткени облус бөлгөн 300 литр күйүүчү май жолду бир гана жолу тазалоого жетет экен. Учурда Аксы районунда шамалдын ыргагы басаңдады, ал эми Түп районунда дагы эле токтой элек.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдирүүсүнө караганда, 28-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7 градус.
Чүйдө түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -3...+2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Түнкүсүн кар жаайт. Күндүз кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-14, күндүз -2...-4 градус болот.


Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG