ОШ. Бул тууралуу тынчсызданууну пайда кылган маалымат 27-январь күнү Ош облустук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн жамааттык жыйында талкууга алынды. Негизги доклад менен чыгып сүйлөгөн Ош облусунун губернаторунун орунбасары Мурадыл Бакашов облуста 2005-жылы андан мурунку жылга караганда жаш балдар көп төрөлгөнү менен бир жашка чейинки жаш балдардын өлүмү Өзгөн жана Алай райондорунда көбөйгөндүгү байкалып, 16 пайызга көп катталгандыгын белгиледи. Анын себептери катары Мурадыл Бакашов аталган райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун энеликти жана балалыкты коргоо боюнча алып барып жаткан иштеринин начардыгына токтолду. Бул боюнча түзүлгөн кырдаалды Өзгөн районунун акими Үсөнбай Абдыраимов негизинен энелердин ден-соолугунун начардыгы, оорукчан энелерден оорукчан балдар төрөлүп жаткандыгы менен байланыштырып, абалды жөнгө салуу үчүн маселеге өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарылдыгын айтып өттү. Жаш балдардын арасында өлүмдүн көп болуп жаткандыгынын себептери Алай районунда дагы ушундай эле мүнөздө экендиги белгиленди. Жамааттык жыйынга катышкан вице премьер-министр Адахан Мадумаров курч көтөрүлгөн маселе катары өзгөчө талкууга алынган жаш балдар арасындагы өлүмдүн көбөйүп жаткандыгы өкмөттүк деңгээлде танчсызданууну пайда кылып жаткандыгын айтуу менен бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү тапшырмалар бериле тургандыгын эскертти.