Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Газпром менен Кыргызстан биргелешкен ишкана уюштурат


БИШКЕК. 27-январда премьер-министр Феликс Кулов менен Россиянын “Газпром” акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер биргелешкен кыргыз-орус мунайгаз ишканасын түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Аталган ишкана Кыргызстандагы газ, мунайзат чыгуучу жерлерди геологиялык изилдөө жумуштарын, мунайгаз тармагынын өнүгүшүнө жардам берет. Өлкөнүн экономикасы үчүн россиялык инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.Ошондой эле газ, мунайзат ташып жеткирүү иштерин жүргүзөт. Айта кетүүчү маалымат, Орусиядан келген делегациянын курамында мурдагы каржы министри Болот Абилдаев жана “Кыргызгаз” ишканасынын мурдагы директору Автандил Сыдыков болду. Алар ушул тапта “Газпромдо” жооптуу кызматтарда иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG