БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди кызматтан алууга негиз болгудай жетиштүү далилдер Президент Курманбек Бакиевдин колунда жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов 27-январда билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы тигил же бул жетекчиге байланыштуу фактылар болсо гана аны кызматтан кетирүүгө даяр. Жогорку Кеңеш депутаттары 26- январда УКК башчысы Таштемир Айтбаевди отставкага кетирүүнү талап кылган токтом кабыл алган. Премьер- министр Феликс Кулов болсо 25-январда тараткан билдирүүсүндө кылмыштуулуктун сайрандап атышына жол берген адам катары Таштемир Айтбаевдин да атын атаган. Ушул эле күнү Таштемир Айтбаев өкмөт башчынын айыптоолорун четке каккан.