Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Бейөкмөт уюмдар адилет министрининин иш-аракетин мыйзамсыз деп сындашты


БИШКЕК. Мамлекеттик эмес уюмдардын ишин текшерүү тууралуу адилет министри Марат Кайыповдун билдирүүсү “Коммерциялык эмес уюмдар” мыйзамына карама каршы келет. Мындай аракет бийликтин бейөкмөт уюмдардын колу-бутун бууп, жарандык коомдун үнүн басууну максат кылып жаткан билдирет. Бул тууралуу 27-январда бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Чүй облусунун бир катар бейөкмөт уюмдары да адилет министри Марат Кайыповдун бейөкмөт уюмдарынын ишкердүүлүгүн жана финансы жагын текшерүү боюнча билдирүүсүн, жарандык коомду жок кылуу аракети катары баалашарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG