Иран анын уранын Орусияда байытуу боюнча Москванын сунушун өзөктүк программа айланасындагы чатакты чечүүгө “жетишсиз” деп билет. Бул тууралуу Ирандын Коопсуздук Кеңешинин башчысы Али Ларижини билдирди. Анын айтымында, “Орусиянын сунушу жакшы эле, бирок ал Ирандын өзөктүк кубатка болгон талабын толугу менен канааттандырбайт. Андыктан бул өңдүү башка да сунуштар айтылышы керек”.
АКШ Иранды жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатат деп айыптап келет жана европалык айрым мамлекеттер менен бирге бул суроону Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Бирок Иран анын уран байытуу иши жалаң гана тынчтык максатты көздөй турганын кайталап, ушу тапта Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу эки ири мамлекет – Кытай менен Орусиянын – колдоосуна ээ болуу аракетинде. Анткени бул эки мамлекет тең Тегеранга каршы санкцияга вето сала алат.