Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

“Кыргыз туусунун” жамааты Ф. Куловдун өзүнө жолугууга аракет жасайт


БИШКЕК. 28- январда “Кыргыз туусу” гезитинин жамааты президент Курманбек Бакиевге жана премьер- министр Феликс Куловго кайрылуу жолдошту. Анда Бакыт Орунбековдун башкы редакторлук кызматтан алынышын негизсиз деп баалап, аны ордунда калтыруу өтүнүчү айтылган. Гезиттин редакторунун биринчи орун басары Мырзакат Тыналиевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, ушул эле күнү Бакыт Орунбековду коргоо комитети түзүлдү жана кол топтоо акциясы башталды. Бакыт Орунбеков бул кызматка 24- марттагы революциядан кийин президенттин жарлыгы менен келген, 27- январда кайра өкмөттүн токтому менен кызматтан алынды. Өкмөттүн маалымат кызматынын башкы адиси Роза Токтосунова Азаттыкка билдиргенге караганда, Бакыт Орунбеков иштеги кемчиликтери боюнча өкмөттүк аппаратка аңгемелешүүгө чакырылган. “Бирок ал кемчиликтерин оңдогон жок” дейт өкмөттүк маалымат кызматы. “Кыргыз туусу” гезитинин жамааты 30- январда премьер- министр Феликс Куловго кырдаалды түшүндүрү үчүн ага кирүүгө аракет жасаары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG