Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

В. Хан: “Коопсуздук кеңешке басым жасоонун куралына айландым”


БИШКЕК. Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары Вячеслав Хан отставкага кетүү тууралуу өтүнүч катын жазгандыгы тууралуу “АКИ- пресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешке басым жасоонуну куралы болуп калгандыктан ушундай чечимге келген:
- Мен Коопсуздук кеңешке жана президенттик администрацияга басым жасоонун куралы гана болуп калгандыгымды эске алып мен отставкага арыз жазууга даярмын, керек болсо мен ал отставка сураган арызды эчак жазып койдум,- дейт Вячеслав Хан. Анын айтымында, бул кадамы Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязовго жаккан жок. Ал эми Мирослав Ниязов менен байланышканыбызда “парламент учурда мамлекет үчүн пайда алып келбеген, өз полномочиесине кирбеген иштер менен алектенип жатат” деген оюн билдирди.

Парламент депутаттары ушул апта ичинде Вячеслав Хан бир эле учурда Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын атуулу болуп турат деп айыптап, аны кызматтан кетирүү тууралуу маселе көтөрүшкөн. Депутат Темирбек Сариевдин айтымында, колунда муну далилдеген документтер бар. Ал эми Вячеслав Хан өзү болсо Кыргызстандын гана атуулумун деп ырастады.

XS
SM
MD
LG