БИШКЕК. Жалалабат тургундары менен жолугушуу үчүн президент 28- январда аталган дубанга жумушчу сапар менен бармак. Бирок президенттин маалымат кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиев билдиргенге караганда, аба ырайынын кескин бузулушунан улам уча албай калды. Дубандагы кабарчыбыз Рысбай Абдураимов билдиргенге караганда, Жалалабат жана Талас облустарынын губернаторлору орун алмашты. Бул тууралуу президенттин Жарлыгын жалалабаттыктарга вице- премьер министр Адахан Мадумаров окуп берди.
Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык Жусупжан Жээнбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун губернаторлугуна дайындалды. Жалалабат облусун башкарууга Таластын губернатору Искендер Айдаралиев келе турган болду. Талас облусуна которулуп жаткан мурдагы губернатор Жусупжан Жээнбеков бийлик жиберген кызматта иштөөгө даяр экендигин жарыя кылды. Президенттин маалымат кызматы билдиргенге караганда, бул эки губернаторго байланыштуу жарлыктарга президент Курманбек Бакиев 28- январда кол койгон.