Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ОШ: НАРИСТЕЛЕРДИН ӨЛҮМҮ КӨБӨЙДҮ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Ошто наристерлердин өлүмүнүн көбөйгөндүгү байкалууда. Мындай кырдаалга тынчсызданышкан жергиликтүү дарыгерлер балдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө энелердин ден-соолугунун начардыгы, бөбөктөрдүн араң жан төрөлүшү себеп болуп жаткандыгын белгилешти.

Ош облустук балдар ооруканасынын маалыматына караганда, 2005-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир жашка чейинки жаш балдардын өлүмү облус боюнча 16 пайызга көп катталган. Оорукананын башкы дарыгери Төлөн Шайназаров Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптары боюнча 500 граммдык ара төрөлгөн наристелерди кошуп жазуунун эсебинен балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү кескин өсүп кеткендигин белгиледи:

- Бул жерде 22 жумадан баштап боюнда бар аялдар төрөсө, төрөлгөн баланын салмагы 500 грамм болсо дагы биз багышка аракеттенип иштеп жатабыз. 2004-жылы облус боюнча балдардын көрсөткүчү 26,4, 2005-жылы 30,4 болду, же болбосо 5,5 пайызга балдардын өлүмү көбөйдү. 500 грамм баланы багуудагы болгон кыйынчылыктар бир килограммга караганда көбүрөк болот. Oшондуктан балдардын өлүмү былтыркы жылга караганда быйыл көбөйдү.

Анткен менен ошол эле оорукананын жандардыруу бөлүмүнүн башчысы Абдысамит Дүйшеев жаш наристелердин өлүмүнүн көбөйгөндүгүнүн себептери катары алардын араң жан жана оор деңгээлдеги оорулар менен төрөлүп жатышына токтолду:

- Былтыpкы жылга караганда өпкө оорулары 3-4 пайызга жогорулап атат. Oшондой эле сасык тумоо оорусу да бир топ жогору даражада болуп, көп наристелердин өлүмгө дуушар болушуна себеп болду.

Ал эми жергиликтүү талдоочу Айбек Абдылдаев жаш наристелердин көбөйүп жатышынын негизги себептерин бир катар социалдык факторлор менен байланыштырды:

- Бүгүнкү күндө баарына белгилүү аялдар өзүнүн ден-соолугуна карабай эркектер менен тең ата кара жумуш кылып жүрүшөт, ошондой эле тамак-аштын жетишпестиги, аз кандуулук, ушунун баары келип эле нарсителердин өлүмүнө себеп болуп атат.

Жакында болуп өткөн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жамааттык жыйынында жаш наристерлердин өлүмүнүн көбөйгөндүгүнүн себептерин иликтөө жана буга өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу маселелери талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG