Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Ысыккөлдө браконерлердин арасында мамлекеттик кызматта иштегендер да бар


КАРАКОЛ. Ысыккөл мамлекеттик коругунун башчысы Болот Тыналиевдин айтуусунда, уруксатсыз балык кармап саткандар облустагы биоресурстарды көзөмөлдөө кызматкери Василий Скородумов жана Чолпоната резиденциясынан Марат Өмүров кармалды. Браконерлердин мындай жоруктарына мамлекеттик балык чарба департаменти көз жумду мамиледе экендигин белгилеген Григорьевкадагы “Балыкчылар” коомунун башчысы балык жетимиш пайызга азайгандыгын билдирди. Докдурбек Кабатаевдин ырасташынча, жасалма жол менен жылына 250 миң балык өстүрүлгөнү менен ал көмүскө экономикага кетүүдө. Ал эми биостанциянын академиги Азат Коңурбаев болсо өлкөдөгү мындай чарбасыздыктан жыйырма алты балык түрүнүн жарымы азайып, дүйнө боюнча көл суусунда гана жашаган көкчаар балыгынын тукуму үзүлгөндүгүн маалымдады.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, 29-30-январь күндөрү Жалалабат, Ош, Ысыккөл жана Чүй облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун 132-138 жана 198- 265 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

30-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7 градус.
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...-9 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Мезгил-мезгили менен туман каптайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11...-13, күндүз -4...-6 градус болот.


Аманбек Жапаров, Рысбай Абдыраимов, Рита Нурманбет кызы

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG