Майлы суудагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун жумушчулары маяналарын толук алыша элек
ЖАЛАЛАБАТ. Электр лампаларын өндүрүүчү аталган ишканада төрт миң адам эмгектенет. Жаңырган жылдын алгачкы айы аяктап баратканы менен жумушчулардын басымдуу бөлүгүнө өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларынын эмгек акылары төлөнүп бериле элек. Ишкананын директору Султан Дарбишев менен Майлуусуу шаардык мэриясынын түшүндүрмөсүнө караганда, айлыктардын создугуп жатышына завод өндүргөн өндүрүмдүн (продукциянын) сатылбай жатышы себеп болууда. Андан тышкары да бир кыйла түрдүү себептер бар. Ишкананын белгилүү бир өлчөмүн орусиялык “ВАВС” деген фирма сатып алган. Завод өндүргөн продукциялардын көпчүлүк бөлүгүн КМШ өлкөлөрүнө экспортко чыгарат. Өзүнө керектүү жабдык сырьелорду сырт өлкөлөрдөн сатып алат. Өткөн жылдын жыйынтыгында ишкана өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жиберген.