Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Тышкы иштер министри Лондонго жөнөп кетти


БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 29-январда Лондонго жөнөп кетти. Ал жерде карала турган маселелер тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков буларды билдирди.

-Тышкы Иштер министри Аликбек Жекшенкулов Улуу Британиянын жогорку бийлик өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ооганстанды кайра курууга байланыштуу коференцияга катышат. Ал жерден Ооган президенти Хамид Карзай, Тышкы иштер министри Абдулло менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Нуржигит Кадырбеков белгилегендей, конференцияда Ооганстандын коопсуздук маселеси, баңги заттарды өндүрүү проблемалары, Ооганстанды кайра курууда Кыргызстандын көрсөтө турган салымы тууралуу маселелер козголот. Ошондой эле Тышкы иштер министри Улуу Британиянын мамлекеттик жетекчилери менен эки тараптуу саясий-экономикалык, гуманитардык тармактагы мамилелерди өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG