Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында “Үмүт” аттуу спектаклдин премьерасы болду. Акын Жеңижокко арналган адабий кече улуттук филармонияда өттү. Кинорежисер Эрнист Абдыжапаров Бишкектин тургундарына “Айыл өкмөтү” шоусун тартуулады.

Аптанын шаршембисинде Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын артистери Чынара Калыбекованын “Үмүт” аттуу пьесасына коюлган спектаклдин премьерасын көрсөтүштү. Бул спектаклде сойку кыздардын жашоосу, өгөй атанын кызына болгон мамилеси, жумушсуздук маселеси чагылдырылган. Оюнду койгон режисер Камат Касеновдун айтымында бул спекткаль европанын синхробуфт стилинде коюлган. Учурда Камат Касенов тажик драматургу Жума Куддуздун “Ханды ойнойбуз” аттуу пьесасынын үстүндө иштеп жатат, ал спектакль буйруса февраль айында көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

Ата-бабабаларыбыздан калган каада-салтты, нарк-насилди, сөз кудуретин жаңы муунга жаңыртып өткөрүү максатында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен республикабызда “Женижок жана маданият” “Эне-тил жана Жеңижок”, “Жеңижок жана сөз кудурети” деген үч айлык жарыяланган. Мына ошол иш чаранын алкагында ишембиде улуттук филармонияда залкар акын Жеңижокко арналган адабий кече өттү. Анда акындын чыгармачылыгын терең изилдеген окумуштуулар, Маданият министрлигинин жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Андан сырткары Жеңижоктун чыгармаларынан көркөм окулуп, “Аккан суу”, “Көк сулуу” деген ырларын таланттуу өнөрпоздор аткарышты.

26-январдан 29на чейин спорт ордосунда кинорежисер Эрнист Абдыжапаров уюштурган “Айыл өкмөтү” аттуу шоу өттү. Кечеде алгач фильмдин үзүндүсү көрсөтүлүп, андан соң тасманын жетишкен ийгиликтери айтылды.Концерттин жүрүшүндө келген көрүүчүлөргө сынак уюштурулуп, Эрнист Абдыжапаровдун жакында тартылчу “Боз салкын” аттуу киносунун айрым эпизоддоруна каармандар тандалып алынды. Режисердун айтымында жаңы тасма жаз айларында тартылып баштайт.
XS
SM
MD
LG