Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Төрт райондо мектептер жабылды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун борбордук аймактарына 80 сантиметрге жакын кар түшкөн. Мектептерге жакын көчөлөр тазаланбастан тайгак болгондуктан кенже класстардын окуучуларынын жол жүрүүсү кыйын болууда. Облустун билим берүү башкармасы кокустуктарды болтурбоо жана табият кырсыктарынан балдарды сактоо максатында аталган төрт аймакта окууну убактылуу токтото туруу чечимине келди. Жалалабат жана Көкжаңгак шаарлары менен Сузак жана Базаркоргон райондорундагы 150дөн ашык мектеп 30-январдан 3-февралга чейин жабылды. Бул убакыттын аралыгында биринчи жана сегизинчи класстарда билим алган окуучулар үйлөрүндө эс алышат. Ал эми 9-10-11-класстардын өспүрүмдөрү мектептердин айланасы менен чатырларына топтолгон карларды күрө тазалоо иштерине катышат. Тогузторо жана Чаткал райондорундагы мектептерде сасык тумоо башталды. Мындай маалымат 30-январда облустук билим берүү башкармалыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG