Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Паспорттун айланасында дагы эле проблемалар көп


БИШКЕК. Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик паспорт чыгарууда бир катар калпыстыктарды кетирди. Ага тиешелүү кызматкерлер мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сессиясында Миграция жана калкты жумушка жайгаштыруу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта Молдованын “Регистру” компаниясы кыргызстандык атуулдардын паспортторун күнүгө 100 даанадан чыгарууда. Бирок анын санын 500гө жеткирүү зарыл. Ал эми райондук паспорт берүү кызматтарында коррупция күч алып, паспортторду кымбат баага сатып жатышат, деди депутат Кубанычбек Исабеков.
Биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкуловдун маалыматына караганда учурда паспорт маселеси жөнгө салынып калды. Өлкөдөгү 2,5 млн. адамга 5 жылдын аралыгында паспорт берилет. Ал эми ушул жылы 500 миң адамга ички паспорт, 125 миң адамга жалпы паспорт берилет.

XS
SM
MD
LG