Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Президент Бакиев Таласка жаңы губернаторду коюп кайтты


Бишкек. 30-январда президент Курманбек Бакиев Таласта болуп, облустун активи, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда өлкө башчысы Талас облусунун губернаторлугуна Жусупжан Жээнбековдун , ал эми Жалалабат облусунун администрация башчылыгына Искендер Айдаралиевдин дайындалгандыгын расмий маалымдады. Жолугушууда өлкө башчы учурда башкы көңүл экономикалык маселелерди чечүүгө бурулушу зарыл деп белгиледи. Анын айтымында, быйыл өлкөдө бир нече ири өнөр жай объектилери курулуп, региондордо жумушчулар үчүн турак-жайларды куруу иштери колго алынышы керек. Ишкердикти өнүктүрүүгө да тиешелүү шарттар түзүлүүгө тийиш. «Жаңы бийликтин башкы максаты – калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу. Ошондуктан, биздин саясат да экономиканы көтөрүүгө жана элдин турмуш шарттарын жакшыртууга багытталат", - деди президент Бакиев.

XS
SM
MD
LG