Палестинадагы шайлоодо жеңген урушчул “Хамас” уюму эл аралык коомчулукка кайрылып, Палестина автономиясына көрсөтүлчү жардамды кыскартпоого үндөдү. “Хамастын” лидери Исмаил Ханья бүгүн Газа тилкесинде чогулган элдин астында сүйлөп: “Биз эл аралык коомчулукту палестин элинин заманга жараша жасаган тандоосун туура түшүнүп, чөлкөмдөгү стабилдүүлүккө финансылык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантууга үндөйбүз”, - деп белгиледи. АКШ террористтик уюм деп санаган “Хамас” башкарган палестин өкмөтүнө жардам бербей турганын билдирген. Европа Биримдиги да Вашингтонго үндөш билдирүү жасаган.