“Ал-Каида” террор уюмундагы Бин Ладенден кийинки даражада турган Айман ах-Зауахри арап тилинде чыкчу “Ал-Жазира” телеканалы аркылуу жаңы билдирүү жасады.
Видео-тасмада Зауахри “13-январда Пакистандын Дамадола деген кыштагына болгон чабуулдан эч жапа тартпаганын” айтат. Америкалык аскерлер ал жерде атайын операция өткөрүшкөн учурда “Ал-Каиданын” төрт адамы өлгөн болушу мүмкүн дешкен. Операция Зауахриге каршы жасалган болчу.
Аскерий аракеттерге пакистандыктар каршы болуп, анти-америкалык демонстрациялар да болгон.