Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Мухаммад пайгамбардын сүрөтүнүн айланасындагы чатак “сөз эркиндиги” проблемасын козгоду


Мухаммад пайгамбардын карикатурасын тартып, аны гезит бетне чыгарган даниялык басылманын аракети жөнүндө Дания өкмөтү берген жоопко ооган президенти Хамид Карзай канааттанганын билдирди. Былтыр сентябрда даниялык гезиттердин биринде Мухаммад пайгамбардын элеси тартылган макала жарыкка чыккан эле. Мусулмандар үчүн ыйык адамдардын сүрөтүн тартуу күнөө эсептелет. Андыктан буга зээни кейиген Сауд Арапстан Даниядагы элчисин чакыртып алган. Ал эми мусулмандардын диний уюмдары Улуттар уюму түрдүү диндерди коргогон резолюция кабыл алынышы керек деген суроону көтөрө башташкан.
Даниянын өкмөт башчысы ооган президенти менен Копенгагенде өткөн жолугушуусунда “Биздин өкмөт маалымат каражаттарынын ишин көзөмөлгө алууга укугу жок. Андыктан бул макала үчүн биздин өкмөт да, эл да жоопкерчиликти албайбыз” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG