Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Палестиналыктар эларалык жардамдарды мындан ары да алууну каалайт


Палестинанын президенти Махмуд Аббас да, автономиянын башка лидерлери да эл аралык коомчулукту өткөн аптадагы шайлоодо ХАМАС исламчыл тобу жеңгенине карабай, автономияга көрсөтүлүп жаткан каржылык жардамдын көлөмүн кыскартпоого чакырышты.

Палестинага эң чоң жардамды ЕвроБиримдик көрсөтүп келатат. Анын жылдык жардамынын көлөмү 500 млн.евро.

Бирок Австриянын Тышкы иштер министри Урсула Плассник “Европа ХАМАСтын куралсызданышын жана Израилди таанышын каалай турганын” билдирди.

- Зордук-зомбулук менен террор демократиялык процесстерге туура келбейт. Андыктан биз ХАМАСты жана башка топтор менен фракцияларды зомбулуктан баш тартып, Израилди таанууга үндөдүк, - деди австриялык министр Плассник.

Ал эми дүйшөмбү күнү Иордан дарыясынын батыш жээгине барган германиялык канцлер Ангела Меркель да эгер Палестина Израилди мамлекет деп тааныбаса, анда Германия Палестинага жардам көрсөтө албаарын тике айтты.

ХАМАСтын программасында Израилди жок кылуу керектиги айтылган жана буга азырынча өзгөртүү киргизиле элек.

XS
SM
MD
LG