Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

ТАЖРЫЙБАЛУУ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ДАРЫГЕРЛЕР КЕТҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто жумуштарын таштап башка өлкөгө иш издеп кетип жатышкан тажрыйбалуу мугалимдердин жана дарыгерлердин саны көбөйдү. Жергиликтүү талдоочулардын байкоосунда кетип жаткан тажрыйбалуу кесипкөй адамдардын ордун сапатсыз билим алган чала сабат адистер толуктаган учурлар аз эмес. Жогорудагыдай кырдаалдын түзүлүшүнө мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасынын аздыгы, социалдык жактан камсыздоонун начардыгы себеп болууда.

Ош облустук билим берүү жана жаштар маселелери боюнча башкармалыктын маалыматына караганда, 2004-жылы облустун аймагындагы мектептерде эмгектенген 241 мугалим, 2005-жылы 232 мугалим өз кесиптерин таштап Орусия менен Казакстандын шаарларына жумуш издеп, же болбосо соода кылууга кетишкен. Ош облустук билим берүү жана жаштар маселелери боюнча башкармалыктын башчысы Гүлайым Машырапова айрыкча тажрыйбалуу мугалимдердин жумуштарын таштап кетип жатышы жылдан жылга динамикалуу мүнөздө өсүп жаткандыгын билдирди:

- Мугалимдердин көбү социалдык абалдан, айлык акысынын аздыгынан бизде миграция көп болууда. Мисалы, өткөн 2004-2005-окуу жылында анализдегенибизде облус боюнча 426 мугалим өздөрүнүн кесибин таштап коммерция кылып кетишкен.

Ал эми Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, акыркы эки жылдын аралыгында облустун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген 375 орто билимдүү кызматкер жана 146 жогорку билимдүү дарыгер жумуштарын таштап кетишкен. Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Төлөн Шайназаров жумуштарын таштап кетишкен көп дарыгерлер Орусиянын жана Казакстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине барып ишке орношуп жаткандыгын белгиледи:

- Медиктердин айлыгынын аз экенин бардыгы билишет. Ал эми Орусия, Казакстанда айлык акы жогору. Эми райондордон да башка мамлекеттерге кетендер көбүрөк болуп атат, себеби ал жакта аларга бере турган айлык акысы чоң. Эгерде ушундай боло турган болсо бизге ОМСтен, бюджеттен түшкөн акча көбөйүш керек, болбосо бизге кыйын болуп калат.

Көпчүлүк жергиликтүү талдоочулар алган маянасынын аздыгынан улам кетип жатышкан тажрыйбалуу мугалимдердин жана дарыгерлердин ордун кийинки кездери сапатсыз билим алган чала сабат адистер толуктап жаткан учурлар көбөйүп кеткендигин айтып, тынчсыздануусун билдиришти:

- Чындыгында бул биздин эртеңки муунубузду тарбиялоодо чоң коркунучтуу көрүнүш. Mындан да коркунучтусу адамдардын саламаттыгын сактай турган медиктерибиздин катары да так ушул сыяктуу орун которушта болуп атат. Aткени чыгаан медикетирибиз айлык акысы аз болгондуктан башка кызматтарга кетип калып жатышат. Алардын ордуна да чала сабат тааныш-билиш менен кадрлар келип жатышат. Дарылануудан да коркосуң – деген пикирин билдирди жергиликтүү талдоочу Тургунбай Алдакулов.

Он жылдап сынактардан өткөрүлүп, мамлекет казнасынан чыгым кетирилип даярдалган тажрыйбалуу адистерди кармап калуунун жолдорун өкмөт жакынкы күндөрү чечпесе өлкөнүн келечегине сокку урулушу күтүлөт деп болжолдошот көпчүлүк байкоочулар.

XS
SM
MD
LG