Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Паспорт чыры үчүн Кенжетаев садага чабылган турат


31-мартта Жогорку Кеңеш калкты паспорт менен камсыздоо боюнча өткөн жылы кабыл алынган токтомдун аткарылышын карап, аны аткаруудагы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес тапты. Андан сырткары парламент Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Амангелди Кенжетаевди кызматтан алуу сунушталган токтом долбоорун кабыл алды. Токтомдо калкты паспорт менен камсыздоодо тийиштүү кызматкер жана органдардын кемчиликтери иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керектиги да белгиленди. Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов жыл аягына чейин калкты паспорт менен камсыздоо маселеси толук чечилеерин, ал эми азыркы кезде элге берүүгө паспорт бланкалары жетиштүү экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG