БИШКЕК. Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов отставкага кетүү тууралуу арызын жазып койгон, бирок аны президентке бере элек. Ал бул тууралуу “Азаттыкка” 31- январда телефон аркылуу билдирди. Мирослав Ниязов отставкага кетүүнү чечкендигин 30- январда журналисттерге билдирген. Өлкөдө эч кандай революция болбостугун, контрреволюциялык аракеттерди көргөн адамдар катары парламент депутаттары Темирбек Сариев менен Кубатбек Байболовдун атын атаган. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов болсо Мирослав Ниязов 24- марттагы ыңкылапка тиешеси бар адамдай сүйлөгөнү жаккан жок, ал Акаевдин командасында элчи болуп жүргөн дейт. “Мамлекетте жаңы революция боло турган болсо аны бийлик олдоксон кадамдары менен өзү даярдап жатат” деп билдирди депутат Байболов. Ага түрткү берчү жагдай катары Жалалабаттагы соңку кырдаалды, Каракечедеги жагдайды, мамлекеттик маалымат каражаттарындагы нааразылыктарды белгиледи.