Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Оскар сыйлыгына талапкерлердин ысымдары белгилүү болду


Калифорнияда, Беверли Хиллсдеги түз эфирден берилген иш-чарада эң мыкты филмдердин катарында гомосексуал ковбой түгөй тууралуу "Өркөч Тоо", жазуучу Труман Капоте тууралуу "Капоте", расалар аралык мамилелер боюнча "Крэш" тасмалары аталды.

Бул тизмеде 1972-жылкы Мюнхендеги Олимпиада оюндарында израилдик спортчулардын өлтүрүлүшү тууралуу көп талаш-тартышты туудурган Спилбергдин "Мюнхен" фильми жана америкалык журналист Эдуард Мюррөй тууралуу "Түнүңүз бейпил, жолуңуз ачык болсун" деген тасма да бар. АКШнын Сыйлыктар Академиясынын салтанаты 5-мартта өткөрүлөт.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG