Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

ӨКМӨТТӨН БӨЛҮНҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ


Кыргыз басылмаларында өкмөттүк маалымдоо каражаттарынын өз алдынчалыкка өтүү аракети, коопсуздук кызматкеринин кармалышы, паспорт көйгөйү тууралуу парламенттеги талаш-тартыш арбын чагылдырылды. Кыргызстанда бийлик менен караламан калктын ортосундагы ажырым кайрадан күчөй баштаганы белгиленүүдө.

«Кыргыз туусу» өкмөттүн эле гезитиби же элдикиби?» Ушундай суроо менен мурунку өкмөттүк басылманын 31-январдагы саны жарык көрдү. «Азыркы кыргыз өкмөтүнүн айыкпас оорудан али арыла электиги көрүнүп калды», деп жазат Феликс Куловдун буйругу менен кызматынан четтетилген «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков. Анын ырасташынча, ушу тапта өкмөт «кайрадан Акаевдин доорундагыдай чоорду ойноого үндөп жаткан кербези».

Акыркы 15 жылда гезит өкмөттөн бир тыйын да алган эмес, анын тагдырына жаңы өкмөттүн кызыккан жери жок. «Кечээтен бери белгисиз бирөөлөр телефон чалышып, «Орунбеков, сага кызмат керекпи же өмүр керекпи» деген коркутуу, үркүтүүлөр башталды. Орустар айткандай «Приехали!!». Болгон чындык ушундай», дейт Бакыт Орунбеков.

А.Акаевдин тушунда бир үй-бүлөнүн гезити болуп калган өкмөттүк басылма 24-марттан кийин элдик гезитке айлана баштады эле. Өкмөткө мындай гезиттин кереги жок окшойт, деп белгиленет басылма жетекчисин кызматтан алынышына нааразы болгон окурмандардын пикирлер топтомунда.

«Премьер-министрдин аталган буйрукка маселенин чоо-жайын толук иликтебей кол койгондугу бизди да таң калтырат. Деги эле Б.Орунбековду эмне себептен, кайсы кетирген кемчиликтери үчүн бошотулушуна түшүндүрмө берилбегендиги коомчулукту бушайман кылууда», деп белгилейт «Эркинтоо» гезити. Басылмада «Кыргыз туусунун» эмгек жамаатынын бийлик жетекчилерине жолдогон кайрылуусу да жарыяланган.

«Мына ошентип, жаңы жылдын биринчи айы соңуна чыгып кетти. Азыркы кырдаалдын ансайын татаалдашып жатканын тандемдин авторлорунун тымызын тирешүүсү деп көпчүлүк баалоодо», деп жазды 31-январдагы «Кыргыз руху» гезити. Журналист Г.Якубованын ырасташынча, Кыргызстанда дагыле саясий туруктуулук орной элек, башаламандыктын аягы суубай, криминалдын өзүмбилемдиги күчөгөндөн күчөп баратат.

Криминал батыл журналисттерди мээлей баштаганы, аны «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын өрттөп ийүү аракети жакшы айгинелеп бере тургандыгын «МСНде» Ю.Груздов жазып чыкты. «Вечерний Бишкек» гезити криминал өзүн ушунчалык ээн-эркин сезгенден бийликтин өзүн апачык эле сестенте баштады деп жазган. Имаратты өрттөп ийүү аракети – журналисттерди алгачкы эскертүү, деп белгилейт Ю.Груздов. «Уюшкан кылмышкерлер бийликке кыйладан бери эле сес көрсөтүп келатышат. Эми алар журналисттерге өтүштү», дейт макала автору.

24-марттагы ыңкылап негизги маселени – менчик бөлүштүрүүнү чече албагандыгынын кээрин өлкө эми деле сезүүдө, деп белгилейт шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов. Менчиктин кимге тийиши коомдогу саясий күчтөрдүн жайгашуусуна таасирин тийгизет, дейт макала автору. Ушул эле гезитте Татьяна Попованын «Депутаттар чуу салышты, анын пайдасын дарыканалар эле көрдү» деген макаласы жарыяланды.

Шаршемби күнкү «МСН» гезитинде Рустамбек Мусурманкуловдун «Ушундай парламент бизге керекпи?» деген макаласы чыкты. Парламенттик башкаруу болсо партиялык тизме боюнча шайлоонун күнү тууйт. Бизде пулу көптүн мөрөйү үстөм болорун эске алсак, саясий партиялар деле алдыга акчалуунун атын жазып, шайлоочулардын көңүлүн алууга аракет кылат, деп ырастайт макала автору.

Парламент мүчөлөрү жашаган үйү менен кызматтык машинелерин менчиктештирип алуу жөнүндө жашыруун мыйзам токуп, аны президентке кол коюуга жөнөтүшкөнүн 1 –февралдагы «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Асель Кыдырова маалымдайт. Макала «Мыйзамды буйлалап жетелеп алуу» деп аталат.
XS
SM
MD
LG