Лондондо дагы бир маанилүү жолугушуу өтүп жатат. Ал жерде 70 мамлекеттин өкүлдөрү жана эларалык уюмдар кантип алдыдагы беш жылда Ооганстанга жакырчылыктан чыгуу үчүн жардам көрсөтүүгө болоорун талкуулашууда.
Эларалык колдоо, эң ириде, экономиканы көтөрүүгө жана баңги-бизнесине каршы күрөшкө бөлүнөт.
Планга жараша, жумурияттын бийлик органдарында жана коопсуздук структураларында реформа жүрүшү керек. Кошмо Штаттардын мамкатчысы Кондолиза Райс АКШ Ооганстанга жылына 1,1 млрд.доллар жардам берип тураарын айтты.
Бул конференцияга Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жетектеген кыргызстандык делегация да катышууда.