Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

АКШ президенти Ж.Буш жылдык билдирүүсүн жасады


Бүгүн Вашингтондо Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш өлкөдөгү кырдаал боюнча жылдык билдирүүсү менен чыкты. Анын сөздөрү узакка созулган кол чабуулдар менен коштолду. Бул жолу америкалык президент маанилүү эларалык проблемаларга кайрылды. Алардын ичинде Буш террорго каршы күрөш, Ирактагы абал жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча өз ойлорун билдирди.
Америкалык президент, ошондой эле, “АКШ экономикалык атаандаштыгын күчөтүшү керектигин, чет-өлкөлүк мамлекеттерден мунай заты боюнча көз-карандысыздыкка жетишиши зарылдыгын” айтат. Буштун пикиринде, Кытай менен Индиянын экономикасы өсүп жаткан кезде, Кошмо Штаттары аларга атаандаштыкты түзө ала тургандай экономикасын түптөшү керек.

XS
SM
MD
LG