БИШКЕК. Ооганстанды калыбына келтирүү жараяндарына ага коңшулаш өлкөлөр, алардын ичинде Кыргызстан да жигердүү катышышы керек. Ал эми донор- өлкөлөр менен эл аралык уюмдар Кыргызстандын Ооганстанга жардам көрсөтө ала турган мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тийиш. Мындай пикирин Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 31-январда Лондондо Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу жыйында айтты. Ушул эле күнү министр Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары ДЖ. Шайнер менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу, Кыргызстандын Ооганстанды кабылына келтирүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Ал эми Казакстандын тышкы иштер министри К. Токаев менен болгон жолугушуусунда Аликбек Жекшенкулов Казакстандын аймагынан темир жол каттамы менен өткөн кыргызстандык жарандар мыйзамсыз кармалышына байланыштуу маселени козгоду. Казак министри маселени териштирүүнү убада кылды.