БИШКЕК. Кыргыз Респуликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы 1-февралдан баштап ишке киришти. Бул тууралуу Саламаттык сктоо министри Шайлообек Ниязов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, медициналык кызматты акысыз алуу укугуна социалдык статусу боюнча жеңилдиктери бар жарандардын категориясына Улуу ата мекендик согуштун жана Баткен согушунун катышуучулары, эл аралык терроризмге каршы аскердик кагылышууларда жабыркаган жана майып болгондор, мурунку концлагердин туткундары, Советтер союзунун, Социалистик эмгектин, Кыргыз Республикасынын баатырлары, Даңк орденинин 3 даражасы, 1-даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандар, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чеккендер,1-2-топтогу майыптар, 75 жаштагы жана андан жогорку жаштагы эмгек ардагерлери кирет. Ал эми кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдар, төрөткө келген жана төрөттөн кийин кошумча оорулар менен ооруканага жаткан аялдар, психикалык оорулуулар, жүрөктүн инфаркт, кургак учук, кант диабети жана башка бир катар кеселдердин негизги оорусуна карата медициналык кызматты акысыз алууга укугу бар.