Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Куш тумоосу Кыргызстанды да тооруп турат


БИШКЕК. Кыргызстанда куш тумоосунун пандемиясы орун алса, 10 миңге жакын адам андан каза болушу ыктымал. Тумоого калктын 10 пайызы кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу 1-февралда саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнке өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия болоору тууралуу эскертти, бирок, ал качан болоорун азырынча эч ким болжолдой албайт. «Азырынча Кыргызстанда куш тумоосу каттала элек. Ал эми өлкөдө тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлө турган болсо куш тумоосу эпидемиясын алдын алууга мүмкүн», - деди Людмила Штейнке. Учурда өкмөт тарабынан куш тумоосуна каршы вакцина сатып алууга 11 млн сом бөлүндү.

XS
SM
MD
LG