Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Б.Орунбеков бийликтен да, соттон да адилеттик күтпөйт


БИШКЕК. 1-февралда “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторлугуна жаңы дайындалган Өкмөттүн маалымат кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Жедигер Саалаев ишке киришти.
“Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору Бакыт Орунбеков өткөн аптада өкмөттүн токтому менен бошотулган. Өкмөттүн мындай чечимине нааразы болушкан гезиттин жамааты өкмөт үйүнүн алдына, Жогорку Кеңештин имаратынын жанына пикетке чыгышкан. Бирок парламенттин коргоо жана маалымат каражаттары боюнча комитети өкмөттүн чечимин туура деп тапкан. Бул иш боюнча Бакыт Орунбеков таламын талашып, сотко берүүнүн кажети жок деп “Азаттыкка” билдирди.

- Кечээ күнкү парламенттин комитетиндеги жагдайдан улам мен сотко берген күндө да менин укугум корголооруна көзүм жетпей калды. Азыркы сот бийлигине менин ишенимим жок. Ошондуктан бул маселе боюнча сотко кайрылуудан оолактап турам. Биз бир жума бою калыстык, акыйкаттыкты талап кылдык. Бирок биздин айткан суроо талаптарыбыздын бирөөсүн дагы көңүлгө алып, түшүндүрүп берген бийлик өкүлдөрү болгон жок.

XS
SM
MD
LG