Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Демократиялык күчтөр коалициясы Кыргызстан жардын кырында турат деп эскертти


БИШКЕК. Кыргызстанда саясий кризис кырдаал түзүлдү. Бирок, анын себептерин жана жарандар менен мамлекеттин коопсуздугу боюнча тынчсызданууларын билдирип жаткан саясатчылар менен сүйлөшүүгө баруунун зарылдыгын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов түшүнгүсу келбей жатат. Мындай мазмундагы билдирүүнү Демократиялык күчтөрдүн биримдиги Коалициясы 1-февралда таратты. «Ачылбаган буйрутма өлтүрүүлөр, менчикти кайра бөлүштүрүүлөр, криминалдык күчтөрдүн ачыкка чыгышы, Улуттук коопсуздук кеңешинин айланасындагы, кадр маселелери боюнча чыр-чатактардын баары өлкө коркунучта экендигин айгинелеп турат», -деп жазылган Коалициянын билдирүүсүндө. Демократиялык күчтөрдүн Коалициясына «Атамекен», «Арнамыс», Социал-демократиялык, Демократиялык күчтөрдүн Биримдиги партиялары, бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдары кирет. Мирослав Ниязов апта башында жалпысынан өлкөдө кырдаал тынч, жаңы ыңклапка жол берилбейт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG