Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Прокуратура создуктуруп улуксат бергенче кылмышкерлердин изи сууп жатат


БИШКЕК. 1-февралда премьер-министр Феликс Кулов, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын бардык аймактардагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Анда негизги маселе уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү тууралуу болду. Учурдан пайдаланып кылмышкерлерди издөө кызматкерлери иштөөгө кедерги болуп жаткан социалдык, материалдык проблемаларды жана айрым кылмышкерлерди кармоодо ар кандай бут тосуулар болуп жатканын ортого салышты. Кылмышкерлерди камоого улуксат алыш үчүн айрым учурда прокуратурадан үч-төрт күн күтүп калышканын, сот органдары кылмыш жообуна тартылуучу кээ бир кылмышкерлерди актап жибергенин айтып, нааразы болушту. Жыйында Рысбек Акматбаев жана Каракечедеги Нурлан Мотуев тууралуу да сөз болду.

XS
SM
MD
LG